Меню Закрыть

ӨЗҮҢДҮ ТААНЫ: ТЕМПЕРАМЕНТТИН СЫРЛАРЫ

К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинде академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Т.Эрматов БМПИден келген бөлүм башчы Назима Чоробаева студенттер менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун алкагында ал “Темпераменттин түрлөрү” аттуу темада мастер-класс уюштуруп, студенттерге психология илиминдеги темперамент түшүнүгү, анын негизги типтери — сангвиник, холерик, флегматик жана меланхолик тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле ар бир темпераменттин өзгөчөлүктөрү, алардын педагогикалык процесстеги орду жана студенттер менен иштөөдөгү мааниси практикалык мисалдар аркылуу түшүндүрүлдү.
Мастер-класс интерактивдүү форматта өтүп, кызуу талкуу жүрүп, студенттер өз темпераментин аныктоого мүмкүнчүлүк алышты. Студенттер активдүү катышып, суроолорду берип, кызыктуу пикир алмашуу болду.
Аталган иш-чара студенттердин психологиялык билимин тереңдетүүгө, болочок кесиптик ишмердүүлүгүндө инсандык өзгөчөлүктөрдү эске алуу жөндөмүн калыптандырууга өбөлгө түздү.
Академиялык мобилдүүлүк алкагындагы мындай жолугушуулар эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жана тажрыйба алмашууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *