Жетишкендиктер

Академиялык мобилдүүлүк боюнча В.Я.Горин атындагы Россиянын Белгород мамлекеттик агрардык университети менен келишим түзүлдү. «Педагогикалык» жана «Колдонмо информатика» адистиктери боюнча келишим түзүлүп, студенттерди онлайн форматта окутуу жүргүзүлөт. Ошондой эле окутуучуларды РБАУнун магистратурасында бюджеттик негизде окутуу жүргүзүлөт.

2021-жылдын 19-мартында Токмок шаарында өткөн самбо боюнча республикалык өспүрүмдөр арасында биринчилигинде Нарын  педагогикалык колледждин Ф-21 группасынын студенти Алмазбек уулу Азат 79 кг салмакта 3-орунду ээлеп, өспүрүмдөр арасында самбо боюнча КР курама командасына мүчө болду.

Окуу жайдын жалпы жамааты Алмазбек уулу Азатты куттуктайбыз жана сыймыктанабыз!  

Келечекте Кыргызстандын желегин дүйнөгө желбиреткен чемпион болушуна тилектешпиз!

Нарын шаарындагы орто жана жогорку окуу жайлар арасында ѳткѳрүлгѳн 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнѳ карата «Ану-ка мальчики» конкурсунда Нарын педагогикалык колледжинин студенттери биринчи орунду камсыз кылды

Т.Усубалиевдин 100 жылдыгына карата Нарын мамлекеттик университети жана колледждердин окутуучулары менен студенттери арасында эссе жазуу конкурсунда педагогикалык колледждин окутуучусу Маралбаева Жанара
1-орунду, Сманбаева Чынара 3-орунду камсыз кылышты.

Окуу жайдын окутуучусу Шаева Толгонай Казакстандын Чымкент шаарында өтүлгөн дүйнөлүк полу марафондо 1-орунду камсыз кылды

Окутуучулардын чет өлкөлүк тажрыйба алмашуудан өтүшү жана долбоорлорго активдүү катышуусу

НПКнин окутуучусу,  педагогика илимдеринин  кандидаты, доцент 

Жунусакунова  Айжаркын  Данияровна

  • 2009 –жылдан баштап азыркы  күнгө чейин Германия эл  аралык коомунун  “Билим берүү  системасын өркүндөтүү” долбоорунун Нарын  облусундагы   координатору.  
  • 2011-жылы Россия Федерациясынын №11-06-90907  проектиси боюнча жаш окумуштуулар арасында гранттын  жеӊүүчүсү.
  • 2017-2018 жж. Италия мамлекетинин PIZA   университетинде   окумуштуулардын мобилдүүлүгү боюнча компетенттүүлүк  мамиленин  шартында  “окуучулардын математикалык сабаттулугун  өнүктүрүү” аттуу докторлук изилдөөсүн  6ай  аткарып келди. 
  • 2016-жылы ITEC программасы боюнча “маалыматтык технологиялар жана  компьютердик англис тили  программмалары” боюнча  3 айлык  стажировкадан  өтүп  келген.
  • 2018-ж Erasmus+ программасы билим берүүнүн  сапаты жана  менеджмент системасынын  компоненти боюнча колдонмо илимдердин Вайенштефан- Триздорф университетинде   10  күндүк  окуу планы, окуу  программалары боюнча окуудан  өттү.
  • Азыркы күндө математика сабагынын окуу стандарттарын киргизүү боюнча улуттук тренер жана ББ министрлигинин лицензиялоо боюнча эксперти.

            

   Сүрөт-1-2-3   Окутуучусу А.Д.Жунусакунова чет элдик иш сапарларында                                             

НПКнын окутуучусу, спорттун чебери, көптөгөн сыйлыктардын ээси 

Шааева Толгонай    Нурпайызовна   спорттогу  бир нече жолку  ийгилиги  менен колледжди сыймыктандырат.

Көптөгөн  эл аралык,  республикалык, облустук жана региондук  таймаштарда алдынкы орундарды камсыз кылып келет.

    • Мамлекеттик иш чаралардын негизинде2002-жылы  Эгемендүүлүктүн 10 жылдыгына карата  Нарын- Бишкек жолун чуркан өткөн
    • 2006- жылы  Орто Азия  оюндарын пропагандалоо максатында  Нарын- Бишкек жолун чуркан өткөн
  • Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгында Курманжан Датканын 200 жылдыгына карата    Нарын- Бишкек жолун чуркан өткөн.

       

              Сүрөт-3                    Сүрөт-4

Сүрөт 3. Спорт мастери Шааева Т.Н.  

Сүрөт 4. Спорт мастери Шааева Т.Н. сыйлыктары

НПКнын студенттери  ар жыл сайын  НМУ тарабынан уюштурулган  “СӨИ” конкурсуна  активдүү катышып диплом, грамоталарга ээ болушат.

                    

 Сүрөт 9-10-11-12. НПК окутуучулары студенттери менен СϴИ конкурста

Бүтүрүүчүлөрдүн жетишкендиктери:

    НПКнын башталгыч классынын мугалими кошумча англис тили адистигинин бүтүрүүчүсү Акматов Руслан Болотбекович

  • 2010—2012 жж. ОО. “Нарын шаарынын жаш лидери” Еорос Кыргызстан коомунда бухгалтер-консултант
  • 2013-2015 жж.“Кыргызстанга колдоо көрсөтүү программасы” боюнча MSDSPKg фонд Ага-Ханда-координатор изилдөө анализ жүргүзүү боюнча адис.
  • Азыркы мезгилде Нарын областынын ПРООН өнүктүрүү программасы боюнча-финансы адистиги боюнча эмгектенет.

          

     Сүрөт-5                              Сүрөт-6     

Сүрөт 5-6 Акматов Руслан Түштүк Кореяда

НПК  «Дене тарбия» адистигинин бүтүрүүчүсү, көптөгөн спорт оюндарынын жеӊүүчүсү

Исаков Данияр  Исакович

  • Футзал боюнча Кыргызстандагы улуттук курама командасынын оюнчусу
  • U-20 жаштар курама командасынын оюнчусу.
  • МФК Sun city  201-2018жж. Оюнчусу
  • МФК Ала-Тоо оюнчусу

         

Сүрөт-7                             Сүрөт-8

Сүрөт 7-8. Исаков Даниярдын  Ташкентте КР гимнин угуу учуру

НПКнин дене тарбия адистигинин бүтүрүүчүсү көптөгөн воллейбол оюндарынын жеӊүүчүсү

Шааев Чынгыз Алмазбекович

  • 3–жылдан берки мыкты оюунчунун ээси.
  • “Казакстандын мыкты оюнчусу” деген наамдын жеӊүүчүсү.
  • 2013-жылы “Кыргызстандын эӊ мыкты волейболчусу” деген наамынын ээси
  • 2013-жылы Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнү Канатбек Муратбековдун авто унаасынын жеӊүүчүсү.
  • КРнын “Дем” клубунун машыктыруучусу жана капитан командасы болуп ойноп келет.
  • 2013-жылдан тартып Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинде спорт жаатында эмгектенет.

        

          Сүрөт-9                            Сүрөт-10

Сүрөт-9.   Шааев Чынгыз   2017жыл Волейбол боюнча турнир Россия. Новосибирск  шаары        

 Сүрөт-10.   Шааев Чынгыз   2018жыл “Кыргызстандын чемпионаты” 3-тур  Чолпон- Ата шаары        

            

НПКнын окутуучусу, көптөгөн сыйлыктардын ээси  Мамбетова Махабат спорттогу  бир нече жолку  ийгилиги  менен колледжди сыймыктандырат. 
Көптөгөн республикалык, облустук жана региондук  таймаштарда алдынкы орундарды камсыз кылып келет.




Сүрөт-11-12