2021-жылдын 22-ноябрында «Студенттер баңгиликке барбайт» аттуу семинар уюштурулуп, студенттер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жаштарды сергек жашоого тартуу, чакыруу менен жыйынтыкталды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын №05-06/32 29.102021 катынын жана КР МУУКК Нарын облусу боюнча башкармалыгынын 05.102021 №07-3/2113 сандуу билдирүү каты боюнча өткөрүлгөн жыйындын протоколунун негизинде НМУнун факультеттеринде жана колледждеринде студенттер арасында баӊги заттарды колдонуунун жайылуусун болтурбоо жана анын зыяндуулугу боюнча К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин тарбиялык иштер боюнча иш планында жаштарды туура багытта тарбиялоо максатында милиция кызматкерлери менен бирдикте иш алып баруу, түшундүрүү иштерин жүргүзүү каралган.2021-жылдын 22-ноябрында «Студенттер баңгиликке барбайт» аттуу семинар НПКнын окутуучусу Айтбек кызы Лира тарабынан уюштурулуп, Нарын ШИИБнын кызматкерлеринин катышуусунда слайдтар көргөзүлүп, суроого –жооптор берилип, студенттер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жаштарды сергек жашоого тартуу, чакыруу менен жыйынтыкталды.
Тарых мугалимдери «Эш туткан элдин эртеӊин, эрендер кеткен улуу күн» темасында 7-апрель курмандыктарын эскерүүсүн, студенттер менен биргеликте эскерүү иш чарасын өтүштү.
050303 — Чет тили адистигин аккредитациядан өткөрүү максатында НПК жетекчиси ата-энелер жана студенттер менен жолугушуу өткөрдү
Мезгил-мезгили менен колледждин жетекчилиги студенттер жана ата-энелер менен жолугушууну уюштуруп турат. Бул жолугушууда ата-энелер менен бирге студенттердин окуу жана коомдук иштердеги маселелерди эске алып администрация тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынып турат.
Окуу жайдын кыргыз тилчилер жамааты К.Карасаевдин өмүр жолу, эмгектери, улуу мурастары тууралуу Тенир Тоо газетасына макала даярдап чыгарышты.
Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата макала
1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИД оорусуна каршы күрөшүү жана 12-декабрь Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата НМУнун профессордук окутуучулук жамааты жана кызматкерлер арасында волейбол жана футбол оюну боюнча мелдеште педагогикалык колледж 1-орунда, I-даражадагы диплом менен сыйланды.
Бүгүн улуу жазуучу, кыргыз жүзү-Чыӊгыз Төрөкулович Айтматовдун туулган күнү. Ошол эле учурда «Адабият күнү». Улуу кыргыз элим! Бардык адабият сүйүүчүлөр! Сиздерди бүгүнкү майрамыӊыздар менен куттуктайбыз!
Чыӊгыз Төрөкулович Айтматовдун туулган күнү жана адабият күнүнө карата жарыяланган жумалыкка, окуу жайдын студенттери онлайн форматында слайд даярдашып, окутуучулар тарабынан онлайн түрүндө адабий кече сабактар өткөрүлдү.
К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин студенттери тарабынан 23-сентябрь кыргыз тили күнүнө карата «Кыргыз эли эне тилди сактайлы, Колдон келсе болушунча барктайлы» деген темада акция жүргүзүлдү.
К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин жаӊы 2020-2021 окуу жылына карата окуу процессин уюштуруу боюнча маалыматы жана окуу иштери боюнча директордун орун басары Ж.Кадырованын окутуучуларды жана студенттерди куттуктап кайрылуусу

Сиздерди Нарын педагогикалык колледжинин жалпы жамааты КРнын «Эгемендүүлүк күнү» жана бүгүнкү 1-сентябрь «Тынчтык билим күнү» менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздерге чын ден соолук, ишибизге ийгилик жана элибизге тынчтык болуусун каалайм!
Учурдагы кырдаалга карата окуу процесси аралыктан жүргүзүлүүдө. Андыктан аралыктан өткоргөн сабактарды үзгүлтүккө учуратпай катышыӊыздарды сиздерден суранабыз. Өзгөчө ата-энелер сиздерден, балдарыӊыздардын сабактарга катышуусу үчүн болгон шарттарды түзүп берүүӊүздөрдү күтөбүз.
Учурдагы окутуу процесси окутуунун жаӊы технологиясы глобалдык проблемаларга байланыштуу окутуунун жаӊы технологиясын колдонуу менен аралыктан окутуу процесси жүргүзүлүүдө. Бардык группаларда вотсап группалар ачылды, бардык группаларда кураторлор дайындалды, сабактардын ирээти вотсап группаларга жүктөлдү. Андыктан баарыбызды коюлган сабактарды үзгүлтүккө учуратпай ирээти менен убагы менен сабактарга катышууӊуздарды күтөбүз.
Барыбызга чыӊ ден соолук, ишибизге ийгилик, окуу процессибизде көп-көп ийгиликтер болсун! Жаӊы 2020-2021-окуу жылыбыз тынчтыктын , ден соолуктун, ийгиликтин жылы болушуна тилектешпиз!
Нарын педагогикалык колледжинде ремонт иштери 2019-2020 окуу жылына пландалып, окуу жылы аяктаганда оӊдоп түзѳѳ иштери жүргүзүлдү.
2020-жылдын июнь айынан баштап Нарын педагогикалык колледжинин арткы фасады толугу менен кырылып, тазаланып, цемент менен аки чачылып, жаӊыланды. Тегерегиндеги таштандылар кырылып, аянтчасы тазаланды. 2-этажда тепкичинин тушундагы 2 чоң терезе жана приемныйдын сырткы эшиги пластик эшик, терезелерге алмашылып, жаӊыланды.
Мындан тышкаары фойеде 4 штук кулактандыруу жана маалымат такталары жаны ламинаттан жасалгаланып, жаныртылды, планда да башка жасалгалоо иштери каралууда.
Оңдоп түзѳѳ иштери Нарын педагогикалык колледжинин жалпы жамаатынын жана бүтүрүүчүлɵрүнүн ѳздүк салымы жана НМУ тарабынан колдоо кѳрсѳтүлүп, жүргүзүлдү.
Так илимдер циклинин жарыяланган жумалыгына карата Информатика сабагынын окутуучуларынын жумалык ачык сабактары болуп ѳттү
Г.Байдѳѳлѳтова «Интерактивдик доска менен иштѳѳ» темасында ачык сабак учурунда
А.Черикчиева «Power Point программасы» темасында ачык сабак учуру
«Санариптештирүү жылына карата жаӊы технологияларды колдонуу» темасында КВН сабак
Нарын шаарындагы орто жана жогорку окуу жайлар арасында ѳткѳрүлгѳн 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнѳ карата «Ану-ка мальчики» конкурсунда Нарын педагогикалык колледжинин студенттери биринчи орунду камсыз кылды
Жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо, 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө арналган кече өткөрүлдү
Нарын педагогикалык колледжинин окутуучусу Нургушаев Азат «Дене тарбия» адистигинин студенттерине «Лыжный спорт» сабагын өтүүдө
Нарын педагогикалык колледжинин окутуучулук курамынын 2020-окуу жылынын 8-январдан, 1-февралга чейинки семинар иш чаралары өтүүдө
«Сапат менеджмент системасынын жобосу, иш планы-презентациялоо»
Окутуучулар арасында СМК иш планынын аткарылышына мониторинг. НПКнын сапат боюнча ишмердүүлүгүнө студенттер тарабынан көз караш жана сунуштар айтылды.
«Интерактивдик доскада иштөө»
Окуттуучулар интерактивдик доска менен иштеп интерактивдик, көрсөтмөлүү жана кызыктуу сабактарды иштеп чыгууда.
окутуучу: Байдөөлөтова Гүланда Турсунбековна
Студенттердин окуу программасын презентациялоо
окутуучу: Султаналиева Гулнур Дамирбековна
«Мамлекеттик практика боюнча программа-презентациялоо»
Окутуучу: Татыбекова Мадина Жеткиновна иш алып барууда
Окутуу үчүн баалоо: «Окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоого карата азыркы мамилелер» темасында семинар учуру
тренер: И.Арабаев университетинин ага окутуучусу Байназаров Искендер Нуркулович
НПКнын стратегиялык планын талкуулоо иши аткарылды
2020-2025 окуу жылына карата стратегиялык планга сунуш пикирлер жана толуктоо иштери сунушталды